Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 1-кабатында дыйкан – фермерлерди тейлөө борбору ачылды.
Райондогу айыл чарба тармагына тиешелүү мамлекеттик органдар ар жуманын шейшемби жана жума күндөрү саат 09:00дөн 18:00го чейин дыйкан-фермерлерди кабыл алып, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча кеңештерди беришет.