Токтогул шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Мында райондо ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкана, мекемелердин кызматкерлери майрамдык шаң менен параддан өтүштү.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев райондун өнүүгүсү үчүн жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, катышуучуларды майраймы менен куттуктап, өлкөбүзгө өнүгүп-өсүү каалады.
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошкон жарандарга “Токтогул районунун ардактуу атуулу” наамы, райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары тапшырылды.
Иш чара райондук маданият бөлүмүн тарабынан уюштурулган театралдаштырылган сценарий, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Айбек Карымовдун, Дилбар Райымбекованын катышуусунда майрамдык концерт менен уланып, спорттук оюндар менен жыйынтыкталды.