Эл аралык медайымдар күнү белгиленди

Эл аралык медайымдар күнү белгиленди
Бүгүн, раймамадминистрациянын жыйындар залында райондук саламаттык сактоо мекемелеринин медайымдары катышкан майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык салтанатка район башчысы-аким А.Тюкебаев катышып, Эл аралык медайымдар күнү менен куттуктап, медайымдардын кесиби гумандуу кесиптердин бири болуп келет. Ал зор күч-кубатты, сабырдуулукту, терең билимди жана мээрмандыкты талап кылат. Адамдын өмүрүнөн жана ден-соолугунан кымбат эч нерсе жок. Сиздер адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден-соолугун коргоп, сактап келесиздер деп белгиледи.
Алдынкы кесип ээлерине раймамадминистрациянын “Ардак грамоталары” тапшырылып, майрамдык салтанаттын катышуучуларыны райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.

Leave a Reply