Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, райондук ИИБ начальниги С.Борбашев, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 25-мартында Толук айыл аймагынын тургундары А.Бекболотов атындагы орто мектебинде өткөрүлдү.
Жыйында Толук айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарылган иш-аракеттер, 2026-жылга карата коюлган пландар боюнча маалымат берилди.
Элдик жыйын суроо-жооп түрүндө уланып, жергиликтүү тургундар тарабынан жайыт жери, жол, больница, интернет, банкомат, сугат суу каналы, айыл чарбасы тармагындагы жеңилдиктер жана башка маселелер боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, райондук ИИБ начальниги С.Борбашев, Толук айыл өкмөтүнүн башчысы А. Асанов жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү жооптор берилди.
Элдик жыйын боюнча протокол жазылып, иш-чаралар планы иштелип чыгып, аткаруу алынат.
