Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.А. Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 3-мартында Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын тургундары менен Өзгөрүш жана Ничке-Сай айылдарында жолугушуулар өткөрүлдү.
Элдик жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан жайыт, жер, жол, бала бакча, таза суу боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаров жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү жооптор берилди.



