Интернет аркылуу жаштардын радикалдашуусу жана тыюу салынган агымдарга тартуу жана алдын алуу боюнча жыйын өттү

19-ноябрь 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов жетектеген “интернет аркылуу жаштардын радикалдашуусу жана тыюу салынган агымдарга тартуу жана алдын алуу боюнча” жыйын өттү.
Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары райондун имамы, райондук ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү, А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин директору, билим берүүдөгү заманбап информациялык технологиялар институтунун мугалимдери, мектеп директорлору, окуучулар жана студенттер чакырылган. Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Leave a Reply