Кетмен-Дөбө айыл аймагында элдик жыйын уюштурулду

Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кетмен-Дөбө айыл аймагынын тургундары менен Мазар-Суу айылында жолугушту.
Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, насостук станция боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаев жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кеңештер берилди.

Leave a Reply