Курулуш иштери жүрүп жаткан объекттер жеринен каралды

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев жана Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев болуп Токтогул шаарынын аймагында курулуш иштери жүрүп жаткан борбордук стадионду, спорт комплексти, Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясынын капиталдык ремонтун, Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушун, А.Иманбаев атындагы орто мектебинин абалын, эс алуу багынын, кичи футбол аянтчанын жана муниципалдык бакты жеринен карап чыгып, кемчиликтер боюнча тиешелүү тапшырмаларды шаар мэрине берди.
Мындан сырткары, А.Суеркулов айыл аймагынын Торкен айылындагы А.Мамыров атындагы орто мектебинин курулуш ишинин жүрүшүн жеринен көрдү.

Leave a Reply