Кыймылсыз мүлккө техпаспорт алуу үчүн арыз берүү эми «Tunduk» колдонмосунда жеткиликтүү!
КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жана «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте жаңы санариптик кызматты ишке киргизди.
Кантип арыз берсе болот?

Tunduk колдонмосу → Менин кыймылсыз мүлкүм → Объект тандоо → Арыз берүү.
Шарттары:

Алдын ала төлөм — 500 сом

Аткаруу мөөнөтү — 6 жумуш күнүнө чейин

Жактырылгандан кийин — техпаспортту алуу жана кошумча төлөө үчүн филиалга баруу

Баш тартылган учурда — алдын ала төлөмдү кайтарып алууга болот.
Артыкчылыктары:

Мамлекеттик органдарга барбай эле бүтүрүү

24/7 жеткиликтүү

Жөнөкөй жана ачык-айкын процесс
Санариптештирүү — сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн!