Кырдаал көзөмөлдө

Райондун аймагында кыска мөөнөттүү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Үч-Терек айыл аймагынын, Саргата айылынын көчөлөрүн суу каптаган, негизинен суулар сел өтүүчү каналдар аркылуу өткөн.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергенов тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери менен жеринде болуп, кырдаалды өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Алдын ала маалыматтар боюнча социалдык объектилер, жарандардын турак жайлары жабыркаган жок, айрым турак жайлардын короолоруна суу кирген.

Leave a Reply