Кыргыз Республикасынын “Данк” медалынын ээси, Токтогул районунун Ардактуу атуулу Мурсажан Сарпашов дүйнө салды..
Мурсажан Сарпашов 1936-жылы 28-сентябрда Токтогул районунун Толук айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин, 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1959-жылы Токтогул районунун Толук орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-1963-жылдары Толук орто мектебинин директору, 1963-1970-жылдары Толук колхозунда башкарманын орун басары, порткомдун секретары, 1971-1973-жылдары Үч-Терек совхозунун партиялык комитеттердин секретары, 1973-жылы Токтогул райондук партия комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1975-1991-жылдары Токтогул совхозунун директору, 1991-1992-жылдары Токтогул райондук дыйкандар союзунун төрагасы, 1992-1994-жылдары Толук дыйкан чарба бирикмесинин төрагасы. 1995-1996-жылдары Толук айылдык кеңешинин төрагасы, 1996-1999-жылдары Толук айыл өкмөтүнүн башчысы 2001-2023-жылдары Токтогул райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.
Атабыздын иштеген үзүрлүү эмгектери бааланып Кыргыз Республикасынын “Даңк”, СССР Жогорку Советинин “Эмгектеги артыкчылык”, В.И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик, Кыргыз Республикасынын Ардагерлер кеңешинин “Ардактуу ардагер” медалдары, СССР Жогорку Советинин “Ардак белгиси” ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Айыл чарба министринин, Токтогул райондук партия комитетинин, райондук кеңешинин, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук кеңешинин, Токтогул поселкалык өкмөтүнүн Ардак грамоталары жана “Токтогул районунун Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланган.
Мурсажан Сарпашов атабыздын жакындарына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөлөрү А.Тюкебаевдин, Н. Кожобергеновдун, Э. Апит уулунун, А. Айылчиевдин, К. Искаковдун, Б. Болгонбековдун, Н.Молдомусаевдин, Ө. Жаманкуловдун атынан тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз.
