Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Үч-Терек айылындагы Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйү капиталдык ремонттон өтүп, бүгүн салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, айыл өкмөт башчысы Р.Омурканов, маданият кызматкерлери, коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Маданият үйү 1988-жылы курулуп, буга чейин бирда жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн “Атайын эсеп” ММ – 300 миң, райондук өнүктүрүү фондусунан – 1 млн сом, облустук өнүктүрүү фондунан – 8 млн., 904 миң сом, жалпы 10 млн., 204 миң сом акча каражаты сарпталды.