Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагыN 54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 14-октябрындагы N 296 Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган отурумда каралды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” N 54 Жарлыгынын жана 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралар тууралуу” N 296 Жарлыгынын аткарылышы жөнүндө райондук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган отурумда каралды.
Отурумга райондук, айылдык аялдар кеңешинин мүчөлөрү, шаардын мэринин, айыл өкмөт башчыларынын орун басарлары, социалдык адистери катышты.
Отурумдун максаты – үй-бүлөлүк жана башка иш-чараларды өткөрүүдө үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөө, калктын жашоо деңгээлине келтирүүчү терс таасирин токтотуу, маркумду акыркы сапарга узатуудагы жана андан кийинки эскерүү үрп-адаттарында ысырапкерчиликке жол бербөө болуп саналат.

Leave a Reply