Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматович менен жолугушуу өткөрүлдү

Жолугушууга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, шаардык жана айылдык кеңештердин төрагалары, ошондой эле депутаттар катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө район акими тарабынан аймакта аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле райондогу негизги көйгөйлүү маселелер талкууга алынды.
Атап айтканда, айылдарды таза суу менен камсыздоо, жол инфраструктурасын жакшыртуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу, саламаттык сактоо мекемелеринин абалын жакшыртуу, жайыт маселелери жана башка бир катар актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Жыйынтыгында, жогорудагы маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына тиешелүү сунуштар берилип, аларды ишке ашыруу зарылдыгы белгиленди.

Leave a Reply