Кыргызстандагы “Гуд Нейборс” уюму менен өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев Кыргызстандагы “Гуд Нейборс” уюмунун директору Чо Сунхёнг менен жолугушту. Жолугушууда райондогу балдардын татыктуу келечегине жана ден-соолуугуна кам көрүү, элдин кирешелерин өстүрүү, болочоктогу энелердин ден-соолугуна кам көрүү, окуучуларга заманбап билим берүү багытындагы долбоорлорду өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдар убагында биргелешип иштөө жана башка социалдык маселелерди биргелешип чечүү макулдашылды.
“Гуд Нейборс” уюму айыл жергесиндеги балдарды медициналык кароодон өткөрүү, “Үлгүлүү эне” долбоору аркылуу болочоктогу энелердин ден-соолуктарына кам көрүү, окуучуларга ичүүчү таза суунун жеткиликтүүлүгүн колдоо, аларга компьютердик класстарды уюштуруу, кыздар арасында футбол оюнун жайылтуу, коопсуз ажаткана сыяктуу долбоорлору менен өз ишмердүүлүгүн 2018-жылдан бери А.Суеркулов айыл аймагында, кийинчерээк Үч-Терек айыл аймагында жүргүзүп келет.