Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев 2025-жылдын 11-июль күнү Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Кызыл-Кум участогунун тазалыгы, эс алуучулардын коопсуздугу, аймактагы билим берүү мекемелеринин оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн жана тазалыгын, айылдардын көчөлөрдүн тазалыгын жеринен көрдү. Мындан сырткары Жерге-Тал участкасына орнотулуп жаткан электр мамычаларын, Терек-Суу айылында №12 Курама уулу Турусбек атындагы билим берүү мекемесинин 2-корпусунун курулуш иштерин жана М1 насостук станциясынын абалын жеринен көрүп, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевге жана тиешелүү мекеме жетекчилерине, айыл башчыларына тиешелүү тапшырмаларды берип, тез арада аткарылуусун тапшырды.