Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 17-декабрь 2021-жылдагы жана № 494 2022-жыл 9-сентябрдагы токтомдорун КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2022-жылдагы 19-сентябрь № 329 буйругун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун жерлеринен Токтогул шаары боюнча Киров участогунан контур № к-н-ж сугат айдоо 1 га, Кара-Суу участогунан контур №5756 сугат айдоо 4 га, Аэропорт участогунан контур №373 сугат айдоо 4,3 га, Ажыкара участогунан контур №5904 сугат айдоо 33,4 га, Камчатка участогунан контур №679 кайрак айдоо 15,9 га, Бос-Тектир участогунан контур №26,5, 2519 кайрак айдоо 28,3 га, Тегерек участогунан контур №5673, 363 кайрак айдоо 35,5 га, Бүркүт участогунан контур №219,230 сугат айдоо 7 га, Сасык участогунан контур №6791, 6963 кайрак айдоо 6 га, жалпы 135,4 гектар айдоо жер аянтын Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2025-жылдын 28-октябрынан 6-ноябрына чейин айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга берүү боюнча айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектилерине конкурс жарыялайт.
Конкурстун жеңүүчүлөрүнө мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59 буйругу менен бекитилген жобого ылайык ижарага берилет.
Ижара акысы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59 сандуу буйругу менен бекитилген жобого ылайык 1 га жердин салык ставкасын 10,20,30 эсеге көбөйтүлгөн өлчөмүндө белгиленет.
Айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык артыкчылыктуу субъектилерине конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй таризде арыз менен кайрыла алат.
- Арыз ээсинин жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
- Берилген жерлерге тиешелүү графикти тиркөө менен болжолдонгон салымдардын суммасын белгилеген инвестициялык долбоор.
- Берилген жерлерге которуштуруп айдоонун планы.
- Берилген жерлерде айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын (тамчылатып сугаруу, айыл чарба ишин жүргүзүүнү механизациялоо ж.б)пайдалануу жөнүндө маалымат.
- Пайдаланып жаткан жер участоктору болгон учурдагы маалымат. (кадастрдык маалымат, укук белгилөөчу жана укук ырастоочу документтер)
- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик статистика органдарынан, салык кызматынан жана социалдык фонддон карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкат жана үч жылдагы үзгүлтүксүз иш аракеттери жөнүндө маалымат.
- Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык техникалык база жөнүндө маалымат.
- Айыл чарба кооперативдерин кошпогондо, үрөн же асыл тукум чарбасынын тиешелүү статусунун болушу.
- Зарыл кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.
Асыл тукум чарбалары үчүн кошумча маалымат.
- Жугуштуу жана курч жугуштуу оорулар боюнча чарбанын жыргалчылыгы жөнүндө ветеринардык маалымкат.
Үрөн чарбалары үчүн кошумча маалыматтар.
- Жакынкы үч жылга ар бир айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүн, үрөн сатуунун болжолдуу булактарын эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө маалымат.
Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтердин толук нускасын Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына тапшыруу керектигин билдиребиз. Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 6-ноябрында саат 17:30 да токтотулат. Конкурска катышуу үчүн берилген арыздар 2025-жылдын 10-ноябрында каралып, 11-ноябрында жеңүүчүлөр аныкталып ижара келишимдер түзүлөт.
Биздин дарек Токтогул району Токтогул шаары А. Суеркулов көчөсү №1 агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 1-кабат.
Сурап билүү телефондору 0700 13 05 62 Деңиз, 0707 10 08 77 Белек
