Мамлекеттик фондунун жерлерлерин ижарага берүү үчүн конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 309 17-декабрь  2021-жыл,    № 494  2022-жыл  9-сентябрдагы токтомдорунун жана КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин  2022-жылдагы  19-сентябрь № 329 буйругун негизинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тескөөсүнө өткөрүлгөн мамлекеттик фондунун  жерлеринен төмөндөгү участокторду пайдаланууга берүү үчүн айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына конкурс жарыяланат.

 Токтогул шаары боюнча сугат айдоо Аэропорт участогунан контур №373 3,2 га, Бүркүт участогунан контур №219, аянты 1,5 га, кайрак айдоо Камчатка  участогунан контур  №679 9,3 га, Тегерек участогунан контур №5673, 363 аянты 32 га, Сасык участогунан контур №6791, 6963 аянты 6 га, жалпы 52 гектар.

Э. Иманалиев айыл өкмөтүнөн  сугат айдо Чеч-Дөбө участогунан контур №2261 18 га, Камыш-Башы участогунан контур №4595, 4611  9 га, Кумдама участогунан контур №4809 15,3 га, Бел-Карасуу участогунан контур №3064 16,4 га, Кызыл-Чарба участогунан контур №2159 аянты 20 га, Ташкыя участогунан контур №2261 5,5 га.   Кайрак айдоо Орток участогунан контур № кнж 38,9 га.  Кумдама участогунан контур №3129, 4800  22,3  га. Бел-Карасуу 3064 3,3 га. Кош-Кашат участогунан контур №5241 аянты 24,3 га, Чеч-Дөбө участогунан контур № 2611 аянты 23 га, Куу-Кесек участогунан контур № 3802 аянты 14 га  жалпы айыл өкмөт боюнча 210 гектар.

Үч-Терек айыл өкмөтүнөн Сугат айдоо Такталык учатогунан контур №3880, 3897 аянты 11 гектар.  кайрак айдоо Орток участогунан контур №957, 963, 2997 аянты 73,2 га. Чымдын Кыры участогунан контур №3572, 3573, 3571, 3570, 3559 аянты 13,1 га  жалпы айыл өкмөт боюнча 97,3 гектар.

Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнөн сугат айдоо Бектур участогунан контур №3944 4,2 га. Барчын участогунан контур №2 аянты 3га. Кайрак айдоо Үңкүрдүн үстү участогунан контур №3797, 3839 аянты 19,6 га. Ак-Кудук участогунан контур №1768 аянты 6,1 га  жалпы айыл өкмөт боюнча 32,9 гектар.

А. Суеркулов айыл өкмөтүнөн кайрак айдоо Кара-Жыгач участогунан контур №3471, 3493 аянты 10,7 га.  Айгыржал участогунан контур №1683,1663 аянты 8,6 га. Кыргоо участогунан контур №71, 62, 57 аянты 37,8 га  жалпы айыл өкмөт боюнча 57,1 гектар.

Толук айыл өкмөтүнөн кайрак айдоо Толук участогунан контур №884 аянты 4 га,   Өлжети участогунан контур №686 аянты 4,6 га, Торпу участогунан контур №1533 аянты 3,3 га жалпы айыл өкмөт боюнча 11,9 гектар.

Сары-Камыш айыл өкмөтүнөн кайрак айдоо Тер-Жайлак участогунан контур №3518, 3559, 3564, 3523, 3524, 3522 аянты 37,5 гектар.

  Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 2026-жылдын 16-мартынан баштап 25-мартын кошо эсептөө менен 10календардык күнгө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга берүү боюнча айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык жактан артыкчылыктуу субъектилерине конкурс жарыялайт.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө  мамлекеттик фондунун жерлерин пайдаланууга   КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 25-февралындагы  № 04-13/59 буйругу менен бекитилген жобого ылайык ижарага берилет.

Ижара акысы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы  министрилигинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 04-13/59  сандуу буйругу менен бекитилген жобого ылайык 1 га жердин салык ставкасын 10,20,30 эсеге көбөйтүлгөн өлчөмүндө белгиленет.

Айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, экономикалык артыкчылыктуу субъектилерине конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй таризде арыз менен кайрыла алат.

  • Арыз ээсинин жеке жактын ким экендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
  • Берилген жерлерге тиешелүү графикти тиркөө менен болжолдонгон салымдардын суммасын белгилеген инвестициялык долбоор.
  • Берилген жерлерге которуштуруп айдоонун планы.
  • Берилген жерлерде айыл чарба ишин ишке ашыруунун жаңы технологияларын (тамчылатып сугаруу, айыл чарба ишин жүргүзүүнү механизациялоо ж.б)пайдалануу жөнүндө маалымат.
  • Пайдаланып жаткан жер участоктору болгон учурдагы маалымат. (кадастрдык маалымат, укук белгилөөчу жана укук ырастоочу документтер)
  • Ыйгарым укуктуу мамлекеттик статистика органдарынан, салык кызматынан жана социалдык фонддон карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкат жана үч жылдагы үзгүлтүксүз иш аракеттери жөнүндө маалымат.
  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана сатуу үчүн материалдык техникалык база жөнүндө маалымат.
  • Айыл чарба кооперативдерин кошпогондо, үрөн же асыл тукум чарбасынын тиешелүү статусунун болушу.
  • Зарыл кадрдык камсыздоо жөнүндө маалымат.

Асыл тукум чарбалары үчүн кошумча маалымат.

  • Жугуштуу жана курч жугуштуу оорулар боюнча чарбанын жыргалчылыгы жөнүндө ветеринардык маалымкат.

Үрөн чарбалары үчүн кошумча маалыматтар.

  • Жакынкы үч жылга ар бир айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча үрөн өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүн, үрөн сатуунун болжолдуу булактарын эсептөө менен айдоо аянттарынын иш жүзүндөгү түзүмү жөнүндө маалымат.

Конкурска катышуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн документтердин толук нускасын Токтогул  райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына тапшыруу керектигин билдиребиз. Документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 25-мартында саат 18:00  дө токтотулат. Конкурска катышуу үчүн берилген арыздар 2026-жылдын 26-мартында каралып, 27-мартында жеңүүчүлөр аныкталып ижара келишимдер түзүлөт.

Биздин дарек Токтогул  району Токтогул шаары А. Суеркулов көчөсү №1  агрардык өнүктүрүү башкармалыгы 1-кабат.

Сурап билүү телефондору 0700 13 05 62 Деңиз, 0707 10 08 77 Белек

Leave a Reply