“Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү

2026-жылдын 26-февраль күнү райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын райондук туру жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров жана Кыргыз Улуттук Манас театрынын манасчысы К.Жумалиев, “Көйкашка” коомдук фондунун төрагасы У.Эркинбеков катышып, катышуучуларга ийгилик каалашты.
Жыл өткөн сайын “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өспүрүмдөрдүн тапкычтыгын арттырууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө өбөлгө түзүп келет. Улуттун руханий дөөлөтү болгон “Манас” эпосун окуучуларга терең жана жеткиликтүү окутууда мугалимдердин салымы зор экени белгиленди.
Бул жылы “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына жана “Манас айтуу” кароо-сынагына райондогу 36 мектеп катышты. Ар бир мектептен үч окуучудан турган бир команда күч сынашты. Ал эми “Манас айтуу” кароо-сынагына 36 мектептен 55 окуучу жана бала бакчалардан 13 тарбиялануучу катышты.
“Манас таануу” интеллектуалдык таймашынын жыйынтыгы:
Кыргыз тилдүү топтор арасында:
🥇 1-орун — №37 Чекиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Улуу баян» тобу;
🥈 2-орун — №22 М.Жамгырканов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кырк чилтен» тобу;
🥉 3-орун — №23 Ормонбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кыз Сайкал» тобу;
Улуттук мектептер арасында:
🥇 1-орун — №4 Бримкулов атындагы жалпы билим берүү мектебинин «Кыраан Манас» тобу;
“Манас” айтуу кароо-сынагы (кыргыз тилинде):
🥇 1-орун — Табалдиев Нуртилек (#30 М.Жунусалиев мектеби)
🥈 2-орун — Ташыбекова Айзирек (#41 Ж.Тоялиев мектеби)
🥈 2-орун — Байызбеков Анас (#7 Манас мектеби)
🥉 3-орун — Рыскулбеков Ильгиз (#2 Бөкөнбаев мектеби)
🥉 3-орун — Аскеров Алмамбет (#11 Т.Тешебаев мектеби)
Жеңүүчүлөр облустук турга жолдомо алышты.
Иш-чаранын соңунда жигердүү катышуучуларга, жогорку упай топтогон окуучуларга жана байгелүү орундарды ээлеген командаларга райондук мамлекеттик администрация тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.
Мындай иш-чаралар жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого, тарыхый мурасты терең өздөштүрүүгө жана мекенчилдик сезимди бекемдөөгө чоң салым кошот.

Leave a Reply