“Манас таануу” интеллектуалдык таймашы болуп өттү

2024-жылдын 15-февраль күнү райондук билим берүү бөлүмү райондогу мектеп окуучулары менен биргеликте Токтогул шаарындагы №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык таймаштын райондук турун жогорку деңгээлде өткөрдү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Кыргыз Улуттук Манас театрынын директорунун орун басары Н.Талантбеков катышты.
Жылдан жылга “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы өспүрүмдөрдүн тапкычтыгына, ой жүгүртүүсүнө жана сөз байлыгын кеңейтүүгө көңүл бурулуп жатат.
Улуттун руханий байлыгы болгон “Манас” эпосун окуучуларга жеткиликтүү окутууда мугалимдердин салымы зор.
Таймаштын жыйынтыгы менен,
1-орунга №32 Бекназар о.м “Аалам” тобу;
2-орунга №39 Жунусалиев о.м “Аккула” тобу;
3-орунга №29 Нургазиев о.м “Дил азык” тобу ээ болушуп, облустук турга жолдонмо алышты.
Соңунда жигердүү катышкандарга, жогорку упай алгандарга жана орунга ээ болгон топторго сыйлыктар тапшырылды.

Leave a Reply