Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К. Сулайманов, райондун акими А.Тюкебаев Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы N12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун жана Токтогул шаарынын Арал айылындагы N11 Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшүнүн абалы менен жеринен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов куруучу компаниялардын жетекчилеринен курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү талап кылып, тиешелүү тапшырмаларды берди.