Бүгүн 10-октябрь Токтогул райондук А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, мекеме-ишкана жетекчилери, агартуу тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.
Акимдин орун басары К.Аттокуров билим берүү тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы билим берүү кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациянын, Кыргыз Республикасынын агартуу министрлигинин сыйлыктары тапшырылып, майрам ээлерине даярдалган концерттик программа тартууланды. Ошондой эле окуучулар тарабынан жасалган кол эмгектердин көргөзмөсү уюштурулду.