Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев Э.Иманалиев айыл аймагынын Ничке-Сай айылындагы №34 Шабданов атындагы орто мектебинде аталган айылдын тургундарынан түшкөн кайрылууну жеринде карады.
Жыйынга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, Э.Иманалиев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатаров, айылдын депутаттары, айыл тургундары жана мектептин мугалимдери катышты. Кайрылуудагы маселелерди чечүү максатында протоколдук тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды.




