Токтогул шаарында Кыргызстан Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Аалам көркү аялзат – үй бүлөнүн очогу” аттуу Аялдар форуму болуп өттү

Бүгүн Токтогул шаарында Кыргызстан Аялдар кыймылынын 100 жылдыгына карата жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Аалам көркү аялзат – үй бүлөнүн очогу” аттуу Аялдар форуму болуп өттү.
Форумга Республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы А.Алтыбаева, Жалал-Абад облустук Аялдар кеңешинин төрайымы Б.Ажымаматова, район башчысы-аким А.Тюкебаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты ырчы, дастанчы, профессор Р.Аманова жана Жалал-Абад облусундагы район-шаарлардын аялдар кеңештеринин төрайымдары катышышты.
Форумда аялзатынын өлкөнүн ошондой эле аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары белгиленди жана аймактын коомдук турмушуна активдүү катышкан айымдарга сыйлыктар тапшырылды.
Токтогул районуна караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аялдар кеңештеринин мүчөлөрү тарабынан улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш боюнча көргөзмө уюштурулуп, мастер-класстар өткөрүлдү.

Leave a Reply