Өсүпүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, эрте никеге туруунун, суициддин, жол-транспорт кырсыктарынын, үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында Токтогул шаарындагы №1 Токтогул, № 2 Ж.Бөкөнбаев, № 4 Н.Бримкулов, № 5 Ж.Турдумамбетов орто мектептеринде ата-энелерге жыйындар өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармылагынын кызматкерлери, Токтогул Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун врач-гинекологу катышышып, кылмыштуулуктун, кырсыктардын, эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө маалыматтар тааныштырылды.




