Райондо бетон заводунун расмий ачылыш аземи өттү

Бүгүн, Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес участогунда жаңы бетон заводунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш салтанатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, “Астория Групп” ЖЧКсынын жетекчиси, бетон заводунун башчысы Заяшников Станислав Юрьевич, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бетон заводу “Астория Групп” ЖЧК тарабынан курулуп, анын курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталган. 2025-жылдын март айында завод тесттик режимде ачылып иштеп баштаган, жалпы 20 жумуш орунун түздү. Курулушка 63 971 миң сом каражат жумшалган.
Ишкана эки цехтен турат:
• таш майдалоо цехи,
• бетон өндүрүү цехи.
Заводдун өндүрүш кубаттуулугу:
• 1 саатта 200 тонна таш майдалоо,
• 1 саатта 160 м³ бетон аралашмасы чыгаруу.
Өндүрүлгөн продукция Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жана жергиликтүү калкка сатыкка чыгарылат.
Баалар төмөнкүдөй:
• майдаланган таш – 1 тоннасы 720 сом,
• кум – 1 тоннасы 850 сом,
• бетон – 1 м³ 6500 сомдон 9000 сомго чейин.
Жаңы өндүрүш ишканасы район экономикасынын өнүгүшүнө, жергиликтүү калктын иш менен камсыз болушуна жана өнөр жай багытындагы долбоорлорду ишке ашырууга салым кошууда.

Leave a Reply