Өнүктүрүү Саясаты Институту менен ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын КР филиалы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана муниципалдык ишкананын директорлоруна семинар уюштурулду.
Семинарда “Административдик аймактык реформа чегинде кызматтарды башкаруу-муниципалдык ишкана” жол картасы жана “Административдик аймактык реформа чегинде муниципалдык менчикти башкаруу” аталышында долбоордун өкүлү, эксперт Г.Саякбаева түшүндүрдү.
Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, муниципалдык ишканалардын директорлору жана тиешелүү адистер катышты.