Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Күн тартибинде:
1. Райондун аймагындагы жазгы талаа жумуштарына даярдыктар;
2. Аткаруучулук тартиптин абалы;
3. “Жашыл-Мурас” улуттук өнүктүгүнүн абалы жөнүндө;
4. КР Президентинин №54 Жарлыгынын аткарылышынын абалы жөнүндө;
5. Турак-жайларды милдеттүү камсыздандыруунун жүрүшү жөнүндө;
6. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы жөнүндө маселелер каралды.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө коюлду.
Жыйынга мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары жана райондун имамы катышты.




