Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. Сугат суу иштеринин жүрүшү;
2. Райондун аймагында курулуп жаткан объектилеринин курулуш ишинин абалы;
3. Шаар жана айыл аймактардын тазалыгы жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынга мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри жана айыл өкмөт башчылары, жана айыл башчылар катышты.
Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мекемелердин жетекчилерине жана шаар мэри, айыл өкмөт башчыларына протоколдук тапшырмалар берилди.