Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. Бүгүнкү күндө коомчулукта кездешип жаткан алдамчылык, жарандардын айрым топторунун финансылык көз боёмочулук аракеттерин болтурбоо жана алдын алуу иш чараларын күчөтүү;
2. “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгынын аткарылышынын абалы;
3. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынга укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри жана айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, айыл имамдары, ФАПтардын, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчылары жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине протоколдук тапшырмалар берилди.




