Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өтт

Жыйындын күн тартибинде:
1. 2025-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата даярдыктын жүрүшү;
2. Айлана-чөйрөнүн тазалыгы жөнүндө маселелер каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата райондун аймагындагы УШКлардын даярдыгы талкууланды. Ошондой эле, 2025-жылдын 20-октябрь жана 30-октябрь күндөрү тесттик режимде өтүүчү добуш берүүнү жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырмасы берилди.
Айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 17-октябрь күнү саат 14:00дө Бишкек-Ош автоунаа жолунун райондук бөлүгүндө жана Токтогул шаарынын борбордүк көчөлөрүндө ишембилик өткөрүүлөрү белгиленди.
Жыйынга мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэринин орун басары катышты.

Leave a Reply