Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун төрагалыгы менен “Райондун аймагында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын” жана “Райондук эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул чара көрүү комиссиясынын” отурумдары болуп өттү.
Комиссиянын отурумуна райондук саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчылары, медайымдар ҮДТ, ФАПтардын медицина кызматкерлери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы, райондук ветеринардык башкармалыктын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты.
Комиссиянын отурумунда калк арасындагы кургак учук, эхонококкоз, альвеококкоз ооруларынын катталышы, ооруларды алдын алуу иштери жана балдарды эмдөө иштеринин жүрүшү жөнүндө маселелер каралып, медицина кызматкерлери тарабынан маалыматтар берилди.
Отурумда жугуштуу ооруларды алдын алуу иштеринде медицина кызматкерлери тарабынан кетирген кемчиликтер талкууга алынып, тиешелүү тапшырмалар берилди.









