Жолугушууга райондун акими А.Тюкебаев, «Алатай» МЖП, Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция, жайыт маселелери боюнча адистер, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле «Дестинация Токтогул» коомдук бирикмеси, жана туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.
Жолугушуунун негизги максаты — туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн мамлекеттик жана жеке сектордун ортосунда эффективдүү кызматташууну түзүү болду. Катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:
Айрыкча практикалык учурларга көңүл бурулду — аймактарга жетүү, уруксат берүү жол-жоболору жана көзөмөл органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Ачык диалог форматы ишкерлерге өз көйгөйлөрүн түз айтууга, ал эми мамлекеттик органдарга түшүндүрмө берүүгө жана биргелешкен чечим жолдорун кароого мүмкүнчүлүк түздү.
Жолугушуунун жыйынтыгы туризмди өнүктүрүүдө инвестициялардан тышкары, ишеним, ачык эрежелер жана туруктуу кызматташуу механизмдери да маанилүү экенин көрсөттү.
Мындай жолугушуулар мамлекеттик органдар, бизнес жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын тең эске алган системалуу мамилени калыптандырууга өбөлгө түзөт.
«СЕДЕП» долбоору «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан Pro NGO! e.V. уюму (Германия, Кельн) менен өнөктөштүктө жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
