2023-жылдын 3-июль күнү райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу иш чарасынын аткарылышы;
2. Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары менен иштөөсүнүн абалы, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби, жүргүзгөн иш аракеттери боюнча “Токтогул шаардык мэриясы, Абды Суеркулов, Үч-Терек, Элмирбек Иманалиев, Кетмен-Дөбө, Сары-Камыш, Толук айыл өкмөттөрүнүн” жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы жөнүндө.
Коллегиянын отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары тиешелүү деӊгээлде иш алып барбагандыгы үчүн тартиптик жазалар көрүлдү.