Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын жана координациялык кеӊешмесинин отуруму болуп өттү

Райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын жана координациялык кеӊешмесинин отуруму болуп өттү.
Коллегиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. Ченемдик-укуктук актыларды, жогорку органдардан барган иш кагаздары жана өздөрүнүн кабыл алган чечимдерин аткаруу, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби боюнча Токтогул токой чарбасынын жүргүзгөн иштери жана аткаруучулук тартиптин абалы;
2. 2025-2030-жылдарга Токтогул районун социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.
Координациялык кеӊешменин күн тартибинде төмөндөгү маселе каралды:
1. Нике курагына жетпестен үй-бүлө куруп жаткандарды жана ар бир бала абийирин жана кадыр баркын, инсандык кол тийбестигин коргоо дене бойлук жана (же) психикалык, сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз орой же адамдык беделди кемсинткен мамиледен, кылмыштуу ишке тартуудан коомго каршы аракеттерди жана башка аракеттерди жасоодон коргону жүзөгө ашыруу боюнча толук кандуу иш чараларды жүргүзүү зордук зомбулукка бөгөт коюу, алардын ичинен аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук зомбулуктарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү жөнүндө.
Коллегиянын жана Координациялык кеӊешменин отурумунун жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилип, тиешелүү деңгээлде иш алып барбаган жетекчилерге тартиптик жазалар көрүлдү.

Leave a Reply