Бүгүн, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарандык коргонуунун 2025-жылга карата даярдык планынын негизинде 2025-жылдын 16-18-апрель күндөрү республиканын аймагында өтүп жаткан команда-штабдык машыгуунун “Жер титирөө” темасында катталган өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүү, алдын алуу иш-чараларын уюштуруу, күч каражаттарды даярдыкта кармоо боюнча райондук Жарандык коргонуунун кызматтары менен ыкчам штаб өткөрүлүп, тиешелүү тапшырмалар берилди.




