Райондун аймагында акыркы коңгуроо иш чарасынан кийин рейд жүргүзүлдү
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасына ылайык, райондун аймагында акыркы коңгуроо иш-чарасынан кийин коомдук коопсуздукту камсыздоо, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда ар кандай кырсыктарды, мыйзам бузуучулук фактыларын болтурбоону алдын алуу максатында 2025-жылдын 26-майынан 27-майына караган түнү күчөтүлгөн тартипте рейд жүргүзүлдү.
Рейддик иш-чарага Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук прокуратуранын, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, жалпы мектеп администрациясы жана ата-энелер тартылды.
Түнкү рейд учурунда окуучулар арасында мыйзам бузуучулук фактылары катталган жок.




