Райондун аймагында ишембилик уюштурулду.
Ишембиликте Бишкек-Ош автожолунун Токтогул шаарынын аймагындагы бөлүгү, борбордук көчөлөр жана баардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коомдук жайлардын айланасы тазаланды.
Тазалоо иштерине райондук мекеме, ишканалардын, мэрия, айыл өкмөттөрдүн эмгек жамааттары тартылды.
Таштандыларды убагында чыгаруу үчүн атайын техникалар уюштурулуп, чыгаруу иштери жүрүүдө.