Райондун аймагында кезектеги ишембилик уюштурулду.
Ишембиликтин жүрүшүндө Бишкек-Ош автожолунун райондун аймагындагы бөлүгү тазаланды. Ошондой эле бардык айыл өкмөттөрдүн аймагында айлана-чөйрөнү, арыктарды тазалоо, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке жалпы 52 мекеме, ишкананын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2400 кызматкерлери чыгышты. Жалпы 12 техника тартылып, 18 тонна таштанды чыгарылды. 3000 дана көчөт отургузулду, мунун ичинен 100 түп ийне жалбырактуу, 2900 жазы жалбырактуу.




