Райондун аймагында “Жер энеге таазим” аталышында тазалык акциясы өттү.

Тазалык акциясынын жүрүшүндө Токтогул шаарынын борбордук көчөлөрү жана А.Козубеков атындагы эс алуу паркы таштандыдан тазаланды. Акцияга райондогу мекеме, ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эмгек жамааттары жана жалпы райондун жашоочулары катышышып, айлана-чөйрөнү санитардык тазалоо, бак-дарактарды актоо жана бак отургузуу иштерин жүргүзүштү.
Мындан сырткары райондун айыл аймактарында ишембилик өткөрүлдү.

Leave a Reply