Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу максатында райондун аймагындагы медициналык мекемелеринде (ҮДТ, ФАП) мырзаларга “Жооптуу бол” акциясы өтүп жатат.
“Жооптуу бол” акциясы 2025-жылдын 1-февралынан 28-февралына чейин уланат. Акциянын максаты эркектердин арасында жугуштуу эмес оорулардын (кант диабети, жүрөк кан-тамыр оорулары, кан басымдын жогорулашы, өпкө оорулары, залалдуу шишик (онкология) оорулары) алдын алуу болуп саналат.
Акцияда медицина кызматкерлери тарабынан мырзалардын салмагы, кан басымы, бою ченелип, жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында туура тамактануу, физикалык жактан көп кыймылдоо боюнча кеп-кенештер берилип жатат.



