Атап айтканда, №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин кошумча корпусунун жана Чоң-Арык айылындагы бала бакчанын курулуш иштерин жеринен көрүп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөргө бүтүшүнө көзөмөл жүргүздү.
Мындан сырткары Сөгөт участкасынын жашоочулары менен жолугушуп, тургундардын көйгөйлүү маселелерин укту. Жолугушууда таза суу, сугат суу, жол жана спорт зал куруу маселелери көтөрүлдү.









