Райондун акими А.Тюкебаев Төрт-Там участогунун тургундар менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн райондун акими А.Тюкебаев Токтогул шаарынын Төрт-Там участогунда жашаган тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар бир катар көйгөйлөрдү айтып, аймактагы инфраструктурага байланыштуу сунуш-пикирлерин билдиришти.
Айрыкча, мектеп окуучуларынын эртең менен мектепке бара турган жана кечинде кайтып келе турган убактарында көчө жарыктары өчүк бойдон калышы мектеп окуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын белгилешти.
Тургундардын кайрылуусун эске алган райондун акими А.Тюкебаев бул маселени ыкчам чечүү үчүн шаар мэри Б.Бактыбековго тиешелүү тапшырмалар берилип, көзөмөлгө алынды.

Leave a Reply