Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту

Райондун акими Акылбек Алиякунович Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту.
2025-жылдын 19-июль күнү  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри Б.Максутбаев жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунун тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда тургундар тарабынан таза суу, жол, тротуар, көчө чырактары, электр мамычалары жөнүндө маселелер көтөрүлүп, талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен райондун акими А.Тюкебаев тарабынан шаар мэри, мекеме, ишкана жетекчилерине төмөндөгү тапшырмалар берилди:
– Шаар мэри Б.Максутбаевге – А.Шарипов, К.Мадьяров көчөлөрүн асфальттоо жана К.Мадьяров көчөсүнүн тротуарынын долбоорун даярдоо;
– Райондук архитектура башкармалыгынын башчысы М.Бадыровго жана Шаар мэри Б.Максутбаевге – Таласбай кичи районунда чегинен чыккан курулуштарды аныктап, 1-августка чейин курулуш ээлерине эскертүүлөрдү берүү;
– Токтогул РЭТнин директору Н.Абалкановго – кичи райондо жолго тоскоолдук жараткан электр мамычаларын жылдыруу иштерин жүргүзүү;
– “Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Ч.Анарбаевге – көчөлөргө кошумча ичүүчү сууларды чыгаруу жана колодецтерди оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү;
– “Ыңгайлуу шарт” МИ директору М.Абдылдаевге – М.Ашыров менен К.Мадьяров көчөсүнүн кесилишинде жолго тоскоол болгон дарактарды кыйуу, К.Мадьяров көчөсүндөгү карагайлардын түбүндөгү чөптөрдү оруп тазалоо жана кичи райондогу жалпы көчө чырактарын оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү.
Жогорудагы тапшырмалар боюнча иш-чаралар планы түзүлүп, аткарылышы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан көзөмөлгө алынат.

Leave a Reply