Райондун акими Акылбек Алиякуновичтин төрагалыгында жыйын өттү

Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:
1. 2025-жылдын 30-ноябры Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүнө карата даярдыктын жүрүшү;
2. Айыл аймактардагы таза суу маселеси;
3. Кышка даярдыктын абалы;
4. Күздүк кылкандуу дан эгиндерин эгүүнүн жүрүшү;
5. Камсыздандыруунун абалы;
6. Ар кандай маселелер:
– “Санарип аймак” электрондук системасынын модулдарына маалыматтарды каттоонун жүрүшү;
– Айлана чөйрөнүн, УШКлар жайгашкан имараттардын тазалыгы;
– Жума күндөрү Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулуп жаткан азык-түлүк жарманкесине даярдыктын жүрүшү;
– Айыл өкмөттөрүндөгү бош кызмат орундары;
– Кыргызтесттен кызматкерлерди өткөрүү жөнүндө.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер боюнча райондун акими мекеме жетекчилерине жана шаар мэринин у.м.а., айыл өкмөт башчыларына бир катар протоколдук тапшырмаларды берди.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэринин у.м.а., айыл өкмөт башчылары жана муниципалдык ишканалардын директорлору катышты.

Leave a Reply