Жыйында Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү, мыйзамсыз чегинен чыгып курулган курулуштарды жылдыруу боюнча аткарылуучу иш-чаралар талкууланды.
Аким тарабынан Комиссия курамына төмөнкү негизги милдеттер жүктөлдү:
• Токтогул шаарынын көчөлөрүн башкы планга ылайык кеӊейтүү максатында мыйзамсыз чегинен чыгып курулган объектилерди аныктоо жана мыйзам чегинде жылдыруу боюнча чараларды көрүү;
• Чегинен чыгып курулган объектилердин ээлерине эскертүүлөрдү берүү;
• Токтогул шаарынын көчөлөрүн кеӊейтүү иштерин 2025-жылдын 26-декабрына чейин бүткөрүү.
Жыйындын жыйынтыгында коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу белгиленди.





