Райондун калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жыйын өттү

Райондун калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жыйын өттү
Бүгүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун калкынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана жарандардын санариптик технологияларды пайдалануусун камсыздоо боюнча жолугушуу жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин жана Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын өкүлдөрү тарабынан “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жана ипатекага үй алуунун шарттар, кезеке туруу боюнча кенен маалыматтарды беришти. Жыйын суроо-жооп иретинде өттү.
Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин башкы адиси А.С.Толонгутова, “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин башкы адиси Н.Буржуев, “Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын” басма сөз кызматынын жетекчиси Р.Батырбекова, “Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын” башкы адиси А.Бактыбек уулу жана райондогу мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана райондун тургундары катышты.

Leave a Reply