18.07.2024-ж. райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында “Аялдар тынчтык банкы” КФ жана БУУӨПтун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен “Токтогул районунун туристтик жана креативдик потенциалын изилдөө” аталышындагы онлайн форматта жолугушуу жыйыны болуп өттү.
Онлайн жыйында Токтогул районунда туризм тармагын өнүктүрүү боюнча БУУӨПтун Кыргзстандагы өкүлчүлүгү тарабынан чет элдик туризм боюнча эксперттер Г.Константин жана Е.Биктимирова өздөрүнүн маалыматтары менен бөлүшүп, талкуулашты.
Жыйынга раймамадминистрация башчысы-аким А.Тюкебаев, шаар мэри, айыл өкмөт башчылары жана Токтогул токой чарбасынын директору, “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкери, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары катышты.