“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү

“Региондорду өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар” аталышында семинар болуп өттү.
Семинарда Кыргызстандагы патент, автордук укук, автордук укук объектилерин каттоо, интеллектуалдык менчик системасы, Кыргызпатенттин пайдалуу моделдерин жана өнөр жай үлгүлөрүн ойлоп табуулар, Кыргызстанда патент системасы жана өтүнмөлөрдү берүүнүн жана патент берүүнүн тартиби жана “40 райондон 40 демилге” долбоору жөнүндө түшүндүрмө берилди.
Семинарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) Түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Ч.Жантаев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аялдардын креативдүү лабораториясын уюштуруучусу Г.Абытова, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору жана жеке ишкерлер катышты.

Leave a Reply