Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында социалдык камкордук кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Ага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, мекеме, ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын ардагер кызматкерлери жана жалпы эмгек жамааты катышышты.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө социалдык кызматтын тарыхы, өнүгүүсү жана учурда аткарылып жаткан аракеттер жөнүндө маалымат угулуп, райондук мамлекеттик администрация тарабынан кесип ээлерине сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара Токтогул райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.







